Арча-Бешик конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди
Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айында "Бишкек суу канал" башкармалыгы ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам Арча-Бешик жаңы конушундагы 5 миң 504 абоненттин төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты.
Анын ичинен 1 400ү чарбалык тилкелерди түнкү сугаруу кызматына төлөшкөн. Бул каражаттар муздак суу жана канализация үчүн кийинки абоненттик төлөмдөргө которулат.
Белгилей кетсек, аталган конушта 7 миң 72 абонент жашайт. Кайра эсептөө 5 миң 504 абонентке жүргүзүлгөн. Ал эми калган 1 568 абонентке ичүүчү сууга чектөө киргизилген эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.