super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү тазалоо иштерине катышты (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдү тазалоо иштерине катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ага ылайык, ал Өзгөчө кырдаалдар министри, суучулдар менен биргеликте Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо иштерине өзү катышып, кыдырып чыккан.

"Менин тапшырмам менен үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта торлорду, таштандыларды тазалоо иштери башталган.

Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр.

Бул эмне деген кайдыгерлик, өзүбүздүн көлүбүзгө болгон эмне деген кара мүртөздүк?!

Анан келип алып, экология жана башка деп тим эле эксперт болуп акыл үйрөтүп чыга келебиз.

Эң эле жөнөкөй ичкен-жегенибиздин калдыктарын атайын коюлган урналарга салгандан эринип, туш келди таштап, эч нерсе болбогондой басып кетебиз.

Буга чейин Сары-Челекке да бардым эле. Ал жакта Кудайга шүгүрчүлүк, көлдүн түбү эски торлордон, таштандылардан таза экен.

Ал эми дагы бир ири көлүбүз Соң-Көлдө абал кыйын деп маалымат келип жатат. Ал жакты дагы катуу көзөмөлгө алабыз.

Буюрса, жалпы республика боюнча жаратылышыбыздын тазалыгына кам көрүү жаатында иштерди улантабыз.

Урматтуу мекендештер, баарыңыздарды Кыргызстандын Кудай берген ажайып кооз жаратылышын таза кармоого, сактоого чакырат элем.

Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели.

Айрыкча, жогоруда аталган көлдөрүбүзгө, жайлоо-төрлөрүбүзгө барган эс алуучулар, таштанды таштабасаңар, силердики болбосо дагы көргөн, жолуктурган таштандыларды тазалап, чыгарып кетсеңер.

Колуңарга жугуп калбайт, быйыл бул жерге силер келип эс алсаңар, эмки жылы балдарыңар, аркы жылы неберелериңер келип эс алат.

Келгиле, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча өзүңөрдү өзүңөр көзөмөлдөгүлө! Коомдук көзөмөл кылып, бири-бириңерди тарбиялагыла!" - деди өлкө башчысы.

Мындан тышкары ал кыргызстандыктарды жаратылышты таза кармап, айлана-чөйрөгө туура мамиле кылып, эс алуу маданиятын калыптандырууга чакырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 100 чакырым балык кармоочу тор, 6,8 тонна таштанды чыгарылган. Алардын ичинен көбү эски торлор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: