super.kg logo

Бишкекте креативдүү индустриялар паркы ачылды (фото)

 

Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билидрет.

“Ар кандай терс божомолдорго карабастан, президент башында турган министрлер кабинети өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана ырааттуу өсүшүн камсыздап гана тим болбостон “Кыргызстан эмне кыла алат” дегенди бүт дүйнөгө далилдей алды: биздин өлкөгө карата бардык стереотиптерди талкалай алдык – “кедей өлкө синдромунан арылдык”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, учурда Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн кийинки этабына активдүү өтүп жатат, анда өлкө калкынын 50 пайызга жакыны жаштар.

“Креатив прогресстин кыймылдаткычы. Ушул күндөн баштап биз Кыргызстандын бардык аймактарынан гана эмес, дүйнөнүн бардык бурчунан таланттуу, чыгармачыл, идеяларга жана энергияга толгон жаратуучуларды бириктире турган Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн жаркын жана келечектүү этабын баштайбыз. Жыл бою мамлекетибиз чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү менен бир командада Кыргызстанда “креативдик бурулуш” жасап жатат”, - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Креативдүү индустриалар паркын өнүктүрүүгө мамлекет башчынын “Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы түрткү болгон.

Кошумчалай кетсек, бул жарлыкты ишке ашыруунун алкагында бир топ иштер жасалды – Креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди, “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынды, салык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле дүйнөнүн төрт бурчунан келген жаратуучуларды Кыргызстандагы Креативдүү индустриялар паркынын бир бөлүгү болууга чакырды.

“Креативдүү индустриялардын жаркын мисалы - Dbillions чыгармачыл тобу. Алар дүйнөлүк жылдыздарга жана Кыргызстандын сыймыгына айланышты. Бул биздин өлкөбүздүн жана бүгүнкү күндө катышып жаткан ар бир адамдын эбегейсиз зор потенциалын ырастап турат. Мен сиздерди долбоорлоруңузду илгерилетүү жана түзүү аркылуу бул потенциалды түзүүгө жигердүү жана шыктануу менен катышууну улантууга чакырам. Мамлекет өз кезегинде “Жаратман Кыргызстан” брендин алдыга жылдыруу үчүн шарттарды түзүп, жарандардын чыгармачылык потенциалын ачууга жана дүйнөдөгү суроо-талапка ээ болгон инновациялык продукцияны түзүүгө көмөк көрсөтөт. Кыргызстан заманбап өнүгүү жана креативдүү экономика жаатында дүйнөдө “биринчи” болуу үчүн чоң потенциалга ээ”, - деп баса белгиледи Жапаров.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин башчысы Креативдүү индустриялар ассоциациясына “өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жигердүү жаратман иштери үчүн” ыраазычылык билдирди.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: