super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн кыргыз эли залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүдө

 
Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюлуп, куран окулду. Жазуучуну эскерүү иш-чарасына Жантөрө Сатыбалдиев, экс-президент Роза Отунбаева, КРнын Президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана маркумдун үй-бүлөсү, жакындары катышууда. 
Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо бүгүн 85 жашка чыкмак. Жазуучунун мааракесине карата бардык облустарда аны эскерүү иш-чаралары уюштурулат. 
Бүгүн Чыңгыз Айтматов окуган азыркы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде жана кечинде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жазуучуну эскерүү кечеси өтөт. 
Эске салсак, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал СССР доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.  Ал мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин жазуучу Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. 
Залкар жазуучу 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: