super.kg logo

Белгилүү режиссёр Михаил Дудников жол кырсыгынан көз жумду

 

Бишкектеги Жибек Жолу - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдо айдоочу жаранды өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Белгилүү болгондой, окуя кечээ, 29-июнда катталган. Анда 30 жаштагы айдоочу Хундай-Санта FE унаасы менен Жибек-Жолу - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 75 жаштагы Д.М. аттуу жаранды сүзүп алган. Натыйжада жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Учурда унаа айып короосуна киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Каза болгон жөө жүргүнчү белгилүү режиссёр Михаил Дудников экени айтылды.

Медиа эксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Михаил Дудниковду эскерип жазган.

"Ал ар дайым бир нерсени ойлоп таап, өзүнүн көрсөтүүсүнүн жаңы формаларын издечү. Михаил Иванович чоң ишенимге ээ болуп, окуучуларынын жан дүйнөсүнөн жооп тапкан мугалимдик менен алектенген", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, кинорежиссёр быйыл 75 жашка толгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: