super.kg logo

Эл өкүлдөрү Нурсултан Назарбаевди дагы бир макамынан ажыратты

 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев "Назарбаев университети", "Назарбаев интеллектуалдык мектептери" жана "Назарбаев фондунун" жогорку башкаруу кеңешинин төрагасы макамынан ажыратылды. Бул аталган өлкөнүн сенатынын кесиптик квалификация, мамлекеттик сыйлыктар, социалдык камсыздоо жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алгандан кийин ишке ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Белгилүү болгондой, жогорудагы статустар эми Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевге таандык болот. Мыйзамга ылайык, аталган окуу жай, университет жана фонд өзгөчө юридикалык статуска ээ.

"Жогорку Камкорчулук кеңешинин төрагасы болуп Казакстандын президенти же президент тарабынан дайындалган адам эсептелет. Жогорку камкорчулар кеңеши жөнүндө жобону Жогорку камкорчулар кеңешинин төрагасы бекитет", — деп айтылат кабыл алынган мыйзамдын текстинде.

Буга чейин февраль айында Нурсултан Назарбаевдин "Эл башы" макамы алынган болчу. Анда учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев "Биринчи президент жөнүндө" мыйзамды жокко чыгарууга кол койгон.

Муну менен Назарбаев "Эл башынын" статусунан жана биринчи президент жөнүндөгү мыйзамда берилген бардык артыкчылыктардан, анын ичинде анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да берилген артыкчылыктардан да ажыратылган. Январь айында болсо "ардактуу сенатор" наамынан ажыраган. Ал эми борбор шаар кайрадан Астана деп аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: