Асман шаары: Коопсуздукту камсыздоого миңден ашык милиция кызматкери тартылды
Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман шаарынын курулушуна старт берилди. Ага президент Садыр Жапаров да катышууда.
Буга байланыштуу коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан миңден ашык милиция кызматкери тартылганын Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.
Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инвесторлор сала турганы кабарланган. Мында 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт. Шаардын аянты 4 миң гектарды түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.