1-июлга карата аба ырайы
Эртең, 1-июлда Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми башка аймактарда жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет борбору маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 градус болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.