super.kg logo

Түркияда эл аралык кум айкелдеринин фестивалы өтүүдө (видео)

 

Түркиянын Анталья шаарында IIXX эл аралык кум айкелдеринин фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Анадолу маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, салттуу эл аралык кум айкели фестивалы Лара коомдук пляжынын аймагында уюштурулуп, анда 25 скульптордун эмгеги көрсөтүлүп жатат. 200гө жакын айкел жасоо үчүн 10 миң тонна кум керектелгени айтылууда.

"Космостук окуялар" деген темада уюштурулуп жаткан фестивалда былтыркы айкелдерден сырткары ракета фигуралары түрүндөгү дагы 11 жаңы эмгек кошулган. Алардын арасында 1969-жылдын 16-июлунда Кеннеди космодромунан Айга учурулган америкалык супер оор Сатурн-5 ракетасы, дүйнөдөгү биринчи алыскы аралыкка учуучу баллистикалык V-2 жана Ariane 5 ракетасы бар. Мындан сырткары көргөзмөдө Галилео, Да Винчи, Нил Армстронг жана Илон Масктын кумдан жасалган айкелдери бар.

Фестивалдын директору Жем Каража агенттикке берген маегинде иш-чаранын уюштуруучулары кумдан жасалган эмгектер аркылуу адамдын космосту изилдөөгө болгон кызыгуусун катышуучуларга жеткирүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

"Көргөзмөгө жергиликтүү тургундардан сырткары Анталияда эс алып жүргөн орус жана немис туристтери да катышты. 2022-жылы биздин көргөзмөгө 100 миң адам катышкан. Быйыл 200 миңдей адам катышат деп божомолдоп жатабыз",- деди Каража.

Белгилей кетсек, көргөзмө аянтчасы өзгөчө түнкү жарыктандыруу, музыкалык аппараттар менен жабдылган. Фестивалдын катышуучулары күн бою телескоп аркылуу асман телолоруна байкоо жүргүзө алышат.






Түркияда IIXX эл аралык кум айкелдеринин  фестивалы өтүүдө (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: