super.kg logo

Алгачкы космостук туристтер абага көтөрүлдү

 

Кечээ, 29-июнда Virgin Galactic космостук туристик компаниясы алгачкы коммерциялык рейсин жасады. Бул тууралуу аталган компаниянын ээси, миллиардер Ричард Брэнсон Twitter баракчасында жарыялады.

Биринчи коммерциялык учуу болду, бул тарыхый учур” деп жазган Брэнсон.

Маалыматка караганда, космостук кеме 80 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Бул АКШ аскерлеринин аныктамасы боюнча космостун башталган чеги.

Sky News басылмасы маалымдагандай, VSS Unity ракеталык учагынын бортунда төрт жүргүнчү болгон. Алар: Италиянын Аскердик Аба күчтөрүнүн эки улук офицери, Италиянын Улуттук изилдөө кеңешинин (CNR) инженери жана аларды коштоп жүргөн Virgin Galactic компаниясынын кызматкери. Ал эми компаниянын эки учкучу ракеталык учактын штурвалында, дагы экөө SpaceShipTwo ташуучу учакты башкарган.

Ракеталык учактын кийинки учуусу 2023-жылдын август айына пландалууда. Андан кийин Virgin Galactic ай сайын учууну максат кылууда.

Буга чейин компания келечектеги каттамдар үчүн 800гө жакын билет саткан. Анын 600гө жакыны 2005-2014-жылдар аралыгында 200 миң доллардан 250 миң долларга чейинки баада сатылган. Кийинки жылдарда дагы 200 орун брондолгон. Алардын баасы 450 миң долларга чейин болушу мүмкүн экени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: