Бишкектин Биринчи Май району Эл аралык баңгизатка жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүнүн алкагында баңгизаттардын жарнактарын боёо акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынан, акимчиликтен, №12 МАБдан, «Тазалык» муниципалдык ишканасынан жана волонтерлор катышты.

Ага ылайык, Ч.Айтматов проспектисинин боюнда Лев Толстой көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейин дубалдарга, тепкичтерге, тосмолорго баңгизаттарды жарнамалаган 40ка жакын жазуулар өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, ал жазуулар телеграм каналдардагы баңгизат сатуучу даректер болгон.