Садыр Жапаров: "Инвесторлорго тоскоол болгондор менен өзүм эсептешем"
Асман шаарын курууга акчасын салган инвесторлор мамлекет тарабынан өзгөчө коргоого алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Асман шаарынын курулушуна старт берүү иш-чарасында сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Урматтуу инвесторлор, биздин өнөктөштөр! Мамлекеттин кепилдиги менен эч тынчсызданбастан ушул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам түрдө баштай берсеңиздер болот. Учурдагы бийлик сиздердин ишке эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайбыз. 2020-жылга чейин болуп келген жагымсыз көрүнүштөр боюнча баса белгилеп айта кетейин. Мамлекеттик органдардан болобу, күч түзүмдөрүнөн болобу же деструктивдүү элементтерден болобу келип, болбогон шылтоо менен опузалап, ишке тоскоолдук кылып, акча талап кылууларына биз жол бербейбиз. Ошондой эле жергиликтүү бийлик же жергиликтүү элдин атынан бирөө жарым келип мыйзамсыз иштер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде-ким тоскоолдук кылса аны менен жеке өзүм эсептешем. Биздин инвесторлорго карата андай чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар өтө катуу жазаланат", - деди өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, Асман шаарын курууда өлкө казынасынан бир дагы тыйын коробой турганы, заманбап калаа толугу менен инвесторлордун каражатына курулары айтылган. Ага биринчилерден болуп кореялык инвесторлор кызыкдар болуп жатканы маалымдалган.

