Банктарга долларды сыртка алып чыгууга уруксат берилди
Улуттук банк 15-сентябрга чейин коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берүүнү сунуштаган токтом долбоорун иштеп чыкты. Мындай маалымат банктын расмий сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, коммерциялык банк нак долларды сыртка алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымат берүүгө тийиш. Ошондой эле банктарга накталай доллардын күнүмдүк көлөмү 10 пайыздан ашпаганын алып чыгууга уруксат берилгени маалымдалат.
Белгилей кетсек, банктарга, акча алмаштырган жайларга, микрокредиттик компанияларга долларды чет өлкөгө алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.