super.kg logo

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон чек арачынын эстелиги ачылды

 

Баткендин Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылында, мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Жанибек Якубовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, иш чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маркум Якубовдун жакындары жана айылдаштары катышты.

Жанибек Якубов Куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик кызматын аткарып келип, акыркы 6 жылда мамлекеттик чек ара кызматында кызмат өтөп жүргөн.

Ал 2022-жылдын 17-сентябрында Тажикстандын куралдуу кол салуусунда мекенин коргоп, баатырларча курман болгон. 25 жаштагы чек арачынын эрдигин түбөлүккө калтыруу максатында айылдаштары анын эстелигин тургузуу демилгесин көтөргөн.

Демилгени Кең-Талаа айыл аймагынын жетекчилиги колдоого алып, курулушу башталган.

Эстеликтин ачылуу аземинин катышуучулары, Якубовдун баатырдыгын, мекенди коргоодогу эркттүүлүгүн, эрдигин жогору баалап, анын ысмы элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталаарын айтышты.

Жетекчилер болсо баатырды тарбиялап өстүргөн ата-энесине таазим этип, анын эрдиги сыймык менен айтыларын белгилешти.

Жанибек Якубов үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: