"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Алматыдан биринчи каттамды кабыл алды
«Ысык-Көл» аэропорту бүгүн, 30-июнда быйылкы туристтик мезгилинин ачылышында Алматыдан биринчи каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Тамчы багыты боюнча 71 жүргүнчүсү менен «Ысык-Көл» аэропортуна конду. Ошондой эле Тамчы-Алматы багыты боюнча кайрадан 30 жүргүнчү учуп кетти.
Белгилей кетсек, каттам жумасына 2 жолу аткарылат - жума жана дүйшөмбү күндөрү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.