Чет элдиктер Бишкекти эң арзан шаарлардын катарына киргизди
Бишкек чет элдиктердин жашоосу үчүн эң арзан шаарлардын бири экени Mercer эл аралык консалтинг компаниясынын изилдөөсүндө айтылды.
Анда эң кымбат шаарлардын сап башында Гонконг турат. Алдыңкы үчтүккө Сингапур жана Цюрих кирди.
Ал эми арзан шаарлардын ичинде Бишкек 224-орунда турат. Мындан тышкары башка шаарлардын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: Таллин (100-орун), Ереван (141), Баку (177), Минск (182), Алматы (208), Ташкент (218), Душанбе (223).
Ага ылайык, тизме турак жай баасы, транспорттук чыгымдар, тамак-аш, кийим-кече, тиричилик буюмдары жана көңүл ачуу сыяктуу ондогон факторлорду салыштыруунун негизинде түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Anarchy

02.07.2023. 21:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура, туристер учун арзан шаар, анткени алардын айлыктары биздикине караганда жогору. Биз Кыргызстандыктар учун кыйын эле , продукталар кымбат, айлык аз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.