Кишинев аэропортунда ок чыгарган шектүү Тажикстандын жараны болуп чыкты
Кишинев аэропортунда ок чыгарган адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Молдаванын басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Тажикстан менен Орусиянын жарандыгын алган 43 жаштагы Рустам Ашуров болуп чыкты.
Ашуров «таасирдүү адамды» өлтүргөн деп Интерпол аркылуу издөөдө жүргөнү белгиленген. Кол салуу учурунда ал азыр издөөдө жүргөн эки адамдын жанында болгон.
Кол салган адамдын өзү оор абалда ооруканада күзөттө жатат. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Эске салсак, кечээ, 30-июнда Молдованын Кишинев аэропортунда чет элдик киши уюштурган атышуудан эки адам курман болгон. Ок чыгарган жаран жеринде кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.