super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "Кыргызстанда 20 жылдан бери бир да жаңы оорукана курулган жок"

 

Кыргызстанда 20 жылдан бери бир да жаңы оорукана курулган жок. Муну 11-декабрда “Парламент” радиосундагы маегинде ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева айтты. 

“Иштеп жаткан жарандарыбыз ай сайын айлык маянасынын 2 пайызын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которуп турушат. Бирок бул аз акча болгондуктан, дарыланууга келгенде ОМСи бар пациенттер деле жыргаган жеңилдиктерди ала алышпайт. Азыр социалдык жактан аз камсыз болгон калктын жардамга муктаж категориясын так аныктап чыгуунун үстүндө иштеп жатабыз”,- дейт депутат.

Депутат өлкөдөгү ооруканалардын абалы тууралуу “жер титирөөгө кабылып, дубалынан жарака кеткен Кадамжайдагы оорукананын башталганына 3 жыл болсо да курулушу бүтө элек. Аксы районунун Бүргөндү айылында өрттөнүп кеткен оорукананын ордуна канча жылдан бери жаңы имарат тургузулбай жатат. Курулуш иштерин тездетүү үчүн жаңы республикалык бюджеттен 415 миллион сомдук каражат караштырылууда”,- дейт Ниязалиева





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: