Стамбулда дайынсыз болуп жаткан кыргыз кызы изделүүдө

Маалыматка ылайык, 24-июнь күнү консулдуктун шашылыш чалуулар номерине кыргызстандык А.Ж. аттуу аял чалып, кызы менен байланыша албай жатканын билдирген. Анын айтымында, кызы Стамбул аркылуу транзит менен Болгарияга бармак, ал жерден автобус менен Варна шаарына кетүүнү пландаган.
"Башкы консулдуктун кызматкерлери Сабиха Гокче аэропортунун иммиграциялык кызматына байланышка чыгышты. Анда Ж.Ш.Б. кармалбаганын жана Стамбулдун аймагына киргенин билдиришкен", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шаардын укук коргоо органдары тарабынан издөө иштери жүрүүдө. Мекемеден Стамбулдун укук коргоо органдары жана дайынсыз болуп жаткан кыздын туугандары менен туруктуу байланышта болуп жатканын кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.