super.kg logo

“Акылман” президенттик лицейи эки айдан кийин ишке берилери айтылды

 

Президенттик "Акылман" лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда куруучулар ыкчам иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи" мекемеси түзүлгөн.

Президенттик лицейге 6-классты ийгиликтүү аяктаган окуучулар тапшыра алышат. Мекеме түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигине баш ийип, педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн жакшыртылган шарттары каралат.

Лицейди түзүүнүн негизги максаты өзгөчө шыктуу балдарды окутуу, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: