super.kg logo

Президент Садыр Жапаров: "Каныш-Кыядагы аэропорт кандай берилсе толук ошондой кайтарып алгыла" (видео)

 

Президент Садыр Жапаров Чаткалдагы Каныш-Кыя аэропортунун курулуш иштерин баштай тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал "Ысык-Көл" аэропортунун аэробекетинин курулушуна капсула салган иш-чарада айтканын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Садыр Жапаров Чаткалдагы аэропортунун курулуш иштерин 2024-жылы жаз айында баштап, жыл аягына чейин ишке берерин айтты.

"Кудайым буйруса, Чаткалдагы аэропорттун курулуш иштерин эмдиги жылы жаз айында баштап, жылдын аягына чейин ал аэропортту дагы кайрадан жандандырып, ишке беребиз. Урматтуу аэропорттун жетекчиси, Каныш-Кыя айылындагы аэропорт 2000-жылдары эле облустук администрациянын балансына мыйзамсыз өтүп кеткен экен. Аны тез арада эртеңден баштап "Манас" аба майданынын карамагына өткөрүп алыңыз. Анткени жергиликтүү бийликтин рейс учурганга самолету жок. 2000-жылы кандай берилген болсо, толук ошол бойдон аласыз. Эгер кокус эле менчикке бир нерселер салып алган болсо сүрдүрүп саласыз", - деди өлкө башчы.






Садыр Жпаров

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: