Ысык-Көлдө Орусиянын театралдык искусство институтунун жайкы мектеби өтөт
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Орусиянын театралдык искусство институтунун (ГИТИСтин) жайкы мектеби өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жайкы мектеп 1-10-июль күндөрү «Аврора» пансионатында өтөт. Дээрлик 10 күндүк окуу курсуна Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери жана Азербайжандан келген студенттер катышат. Катышуучуларга Кыргызстан, Орусия жана Азербайжандан келген тажрыйбалуу окутуучулар сабактарды өтүшөт.
Ошондой эле Орусиянын искусствого эмгек сиңирген ишмери, профессор, аталган институттун музыкалык театр факультетинин деканы, окуу курсунун көркөм жетекчиси Тимофей Сополёв жана аталган окуу жайдын Сахна пластикасы кафедрасынын башчысы Айдар Закиров актёрдук чеберчилик, сахнадагы кыймыл аракеттер тууралуу тренинг, семинарларды, тегерек столдорду жана дискуссияларды өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, ГИТИСтин окуу курсу Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп келет. Буга чейин дагы жай мезгилинде көл жээгинде атайын он күндүк окуулар уюштурулган.

