“Чекти талап кылып, байге утуп ал!”. Дубайга саякатты кимдер утуп алды? (тизме)
Кечээ, 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында Мамлекеттик салык кызматынын “Чекти талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы ойнотулду. Баалуу сыйлыктардын ээлери түз эфирдеаныкталды.
Жеңүүчүлөр сандарды кокус тандоо жолу менен аныкталды. Эки кишилик билетти үчөө жеңип алышты: Абдуллаев Улугбек Кучкарович, Насиров Азат Жолдошбаевич жана Жаныбек кызы Алтынай.
Ал эми он адам электромобилдердин ээлери болушту. Алар: Султанбекова Назира Тологоновна, Матмусаев Уланбек Кубанычбекович, Сарымсаков Улан Алымбекович, Осмоналиева Марина Георгиевна, Азималиев Руслан Алмазбекович, Акматова Үмүт Сулаймановна, Асанбекова Асель, Кадыркулов Даулет Саматович, Кахарова Чынара Кахаровна жана Мамутова Зарина Рахимовна.
Белгилей кетсек, бардык жеңүүчүлөр лотереянын шарттарына ылайык кошумча текшерүүдөн өтүп, комиссиянын акыркы чечиминен кийин гана байгелер ыйгарылат.

