super.kg logo

Азербайжанда өткөн "Жаш куткаруучу" эл аралык мелдешинде Кыргызстан 2-орунду ээледи

 

Азербайжандын Габала шаарында өткөн "Жаш куткаруучу" балдардын эл аралык мелдешинде Кыргызстандын жаш куткаруучулары 2-орунду багындырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган эл аралык мелдешке ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Куткаруу кызматынын адистери даярдаган курама команда өлкөнүн атынан барып, күч сынашты. Анда мелдеш негизги 3 бөлүктөн туруп, алар тилкедеги тоскоолдуктарды басып өтүү, өрт эстафетасы жана издеп-куткаруу боюнча өттү.

Ошондой эле ар бир мамлекеттин бай тарыхы, маданияты, туристтик жайлары балдар тарабынан презентацияланды.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке 6 мамлекеттен 13-17 жашка чейинки улан-кыздардан турган курама командалар катышты.

Келечек муунду куткаруучу кесибине үндөөнү жана өлкөлөр ортосундагы бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулуп келе жаткан мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекистан, Пакистан, Казакстан мамлекеттери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: