super.kg logo

Чолпон-Атада стационардык аппараттык-программалык комплекс иштей баштады

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жылып туруучу “Авто ураган" стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирди. Башкы максат жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү болуп саналат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 1-июлда түшкө чейин беш автоунаанын ар кандай эреже бузгандыгы аныкталып, алар убактылуу айып короо жайына токтотулду.

“Авто ураган” стационардык аппараттык-программалык комплекси аркылуу төмөнкүлөрдү аныктоого болот:

  • автоунаанын издөөдө жүргөндүгүн;
  • айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;
  • каттоосу убактылуу токтотулгандарын;
  • ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка бардык укук бузууларды.

Аталган мекеме айдоочулардан автоунаанын айып пулдарын өз убагында төлөп, издөөдө жана камакка алынгандыгын текшерип, анан жолго чыгуу керектигин эскертет.

Эске салсак, 25-июндан тартып Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” постунда да стационардык аппараттык-программалык комплекси ишке кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: