Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарды ээледи (сүрөт)





Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу IV этно фестивалынын алкагында өткөн кароо-сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы" жана "Этно мода" сынагында 1-орундарды камсыздашса "Хан боз үйлөр жасалгасы жана каада-салт" сынагында 2-орунга татып, акчалай сыйлыкка татышты.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Улут баскан улуу жол" аттуу этно фестивалдын алкагында эл аралык «Кыргыз-Казак» айтышы, «Ысык-Көл – Боз үй мекени», «Хан боз үйлөр» жана «Каада салт», «Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода», «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы», «Тарыхтан калган так теке» сынактары уюштурулган.


