super.kg logo

Колизейге сүйүктүүсү менен өз атын жазган турист 5 жылга соттолушу мүмкүн

 

Рим шаарында жайгашкан Колизей тарыхый имаратына атын жазган турист 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Колизейге сүйүктүүсү менен келген турист 2000 жылдык тарыхы бар имаратка "Иван + Хейли 23/6/23" деп ачкыч менен кырып жазган. Окуяны ошол жердеги башка турист видеого тартып, интернетке жүктөп койгон.

Көп өтпөй Иван аттуу туристке издөө жарыяланып, кылмыш иши козголгон. Колизейдин жетекчилиги билдиргендей, тарыхый имаратка зыян келтирүүнүн жазасы катары Иван 5 жылга эркинен ажыратылышы жана 15 миң евро айып пул төлөшү мүмкүн.

Эске салсак, Италияда мындай учур жылына бир нече ирет кайталанып турат. Үч жылдан бери аталган өлкө маданий мурастарын шылдыңдагандарды жана зыян келтиргендерди жазалоо үчүн катаал мыйзам долбоорлорун иштеп келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: