super.kg logo

Элчи Улукбек Марипов Мекке шаарындагы кыргызстандыктар менен жолукту (фото)

 

Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында Сауд Арабия падышасынын атынан уюштурулган расмий кабыл алууга катышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кабыл алуунун жүрүшүндө элчи Улукбек Марипов Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы жана премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугуп, Сауд Арабиянын жетекчилигин жана элин президент Садыр Жапаровдун атынан Курман айт майрамы менен куттуктаган. Ошондой эле республиканын жетекчилигинин атынан ажылыктын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

"Мындан сырткары Улукбек Марипов Меккеге болгон иш сапарынын алкагында кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарын уюштуруу боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп, аларга түзүлгөн шарттар менен таанышты", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: