Адыл Акжол уулу УТРК директорунун орун басары болуп дайындалды
Бүгүн, 3-июлда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) жетекчисинин орун басары кызматына Адыл Акжол уулу дайындалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына ал өзү тастыктады.
Маалымдалгандай, Адыл Акжол уулу УТРК жетекчисинин контент боюнча орун басары кызматын аркалайт.
Акжол уулу буга чейин "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Анын жетекчилиги астында бир топ долборлор ишке ашкан. Ал жерде толук бир жарым жыл эмгектенип, өз арызынын негизинде кызматтан бошогон.
Ошондой эле ал түштүктөгү бир катар жергиликтүү телеканалдарда кабарчылык кызматты да аркалаган. Мындан сырткары, ютубер жана эркин журналист катары да белгилүү. Анын Ютубдагы каналында 720 миңден ашуун катталуучусу бар.

