super.kg logo

"Аль-Наср" клубу Роналдунун сунушу менен өзүнө жаңы машыктыруучу дайындады

 

Сауд арабиялык "Аль-Наср" клубу белгилүү футболчу Криштиану Роналдунун сунушу менен өзүнө жаңы машыктыруучу дайындады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, клубду мындан ары 61 жаштагы португалиялык насаатчы Луиш Каштру жетектейт. Ал учурда бразилиялык "Ботафого" клубунда машыктыруучулук кызматты аркалап келет.

"Аль-Насрдын" жетекчилиги мындай чечимди команданын чабуулчусу Криштиану Роналдунун сунушунан кийин кабыл алганы айтылууда. Буга чейин Роналду клубдун трансфердик саясатына аралашуу укугун алганы маалымдалган.

Криштиану Роналду аталган клубка 2022-жылдын 30-декабрында "Манчестер Юнайтедден" өтүп келген. "Аль-Наср" өткөн сезондо лиганын дагы бир мыктысы саналган "Аль-Иттихад" клубуна упай айырмачылыгы менен жеңилип, 2-орунду ээлеп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: