super.kg logo

Түркиянын жээктеринде 80ден ашуун мигрант куткарылды (сүрөт)

 

Ооганстандык мигранттар түшкөн үйлөмө кайыктар Греция тараптан суу аркылуу Түркияны көздөй жөнөтүлгөн. Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале провинциясынын Айважык районунун жээгиндеги Эгей деңизинде жалпы 84 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

1-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:50дө Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Айважык аймагынын жээгинде качкындар салынган үйлөмө кайык бар деген билдирүү алган.

Аталган маалыматтан кийин окуя болгон жерге Түркиянын Жээк коопсуздук кызматынын TCSG-6 катери жөнөтүлгөн. Операциянын натыйжасында 37 адам аман калган.

Экинчи билдирүү ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:24тө келип түшкөн. Белгиленген аймакка КB-20 жана КB-4304 кайыктары менен куткаруучулар барып, алар 47 мыйзамсыз мигрантты куткарып калууга жетишкен.

Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн 84 мигранттын баары жергиликтүү миграция бөлүмүнө жеткирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: