Күрөш боюнча 2024-жылдагы Азия чемпиондугу Бишкекте өтөт
Күрөш боюнча 2024-жылдагы Азия чемпиондугу Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.
Турнир 11-16-апрель күндөрү орун алат. Анда күрөштүн 3 түрүнөн: эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн жалпы 30 комплект медаль ойнотулат.
Белгилей кетсек, чоңдор арасындагы Азия биринчилиги ушуну менен үчүнчү ирет Кыргызстанда өтүп жатат. Буга чейин Бишкек 2007 жана 2018-жылдары аталган спорттук иш-чараны кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:53
2025-08-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.