Литвадан аткезчилик жол менен унаа тетиктерин ташып келүү фактысы аныкталды




Литва өлкөсүнөн Кыргызстандын аймагына аткезчилик жол менен унаа тетиктерин ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Түндүк-Чыгыш" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда колдонулган ассортименттеги автотетиктердин декларацияланбагандыгы боюнча факты аныкталган.
"Товар Литва өлкөсүнөн автотранспорттун жүк бөлүгүндө келген. Унаага карата бажы операциялары жүргүзүлгөн. Бирок унаалардын тетиктери бажы органына өз убагында көрсөтүлбөй тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген.
Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 207 миң 928 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча чогулган материалдар Башкы прокуратурага мыйзамдарга ылайык, андан ары кароо жана чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.