Кыргыз паспорту дүйнөдөгү паспорттор рейтингинде 67-орунга жайгашты



Кыргыз паспорту дүйнөдөгү эң күчтүү паспорттордун рейтингинде 67-орунду ээледи. "PassportIndex" сайтынын 1-июндагы жаңыланган рейтингинде Кыргыз паспорту 193 өлкөнүн ичинен 67-катарга жайгашты.
Андагы маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары мамлекеттик паспорт менен дүйнөнүн 28 мамлекетине визасыз бара алышат. Ошондой эле 47 мамлекетке баргандан кийин виза алса, 123 өлкө шарттуу түрдө виза талап кылат.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан 54, Өзбекстан 71, Тажикстан 72 жана Түркмөнстан 79-орундан орун алган.
Дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт Бириккен Араб Эмираттарына таандык. Аталган өлкөнүн жарандары 125 мамлекетке визасыз кире алышат. Ал эми тизменин эң акыркы катарында Ооганстандын паспорту турат. Оогандыктар болгону 5 гана өлкөгө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

