super.kg logo

Баткенде I-IV кылымда жашаган адамдардын сөөгү жана буюмдары табылды (фото)

 

Баткен районунун Кызыл-Кошуун өрөөнүндө археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын сөөктөрү табылды. Бул тууралу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти.

Кабарлангандай, археологиялык изилдөө жүргүзүлгөн аймакта көрүстөндөр, жеке мүрзөлөр, архитектура, турак жай, архитектура, петроглифтер бар. Баткен, Лейлек райондорундагы алгачкы археологиялык изилдөөлөр өткөн кылымдын 1954-1960-жылдары жүргүзүлгөн.

Изилдөө иштеринде жетекчилик кылган, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдиргендей, изилдөө учурунда табылган эстеликтер алдын ала болжолдоолор боюнча Кара-Булак көрүстөнүнө тектеш. Бул аймактан 150-200гө чейинки эстеликтер эсепке алынды.

Анын айтымында, археологиялык изилдөө учурунда 1-4-кылымдарда жашаган адамдардын жашоо тиричилигине таандык жеке буюмдары табылды.

“Тактап айтканда, 1 кумара, 3 темир бычак, 1 канжар, 1 жаанын учу, 1 курдун тогосу адам сөөгү менен кошо табылды. Кара-Булактагы эстеликтер биздин замандын I-IV кылымдарына таандык. Ал мезгилде сөөк коюу салтында маркумдун буюм тайымдарын, аял кишилердин жасалгаларын, сөөк менен кошо көмүшкөн жана сөөктүн баш жагына кумураларга тамак-ашын коюшкан", - деди окумуштуу.

Ал белгилегендей, бул археологиялык табылгалар Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин көрүстөндөрдүн сыры илимий жактан так аныкталышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: