Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана Кытайдын темир жолдору дүйнөлүк соода жүгүртүүнүн жарымынан көбүн тейлейт"
Бүгүн, 3-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү, министр Арзыбек Кожошев Кытайдын Чунцин шаарында өткөн Транс-Евразиялык кызматташтыкты куруу, жаңы эл аралык кургактык-деңиз коридорундагы жеткирүү чынжырлары жана жүк ташуучу экспедиция көргөзмөсү боюнча жогорку деңгээлдеги Биринчи форумда сөз сүйлөдү.
Арзыбек Кожошев Экономикалык биримдиктин өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин ишенимдүү жана динамикалуу тенденциясын белгилеп, жеткирүү чынжырларынын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу, мамлекеттик чек аралардан өтүүнү жөнөкөйлөтүү жана экономикалык транспорт коридорлорун өнүктүрүү перспективалары боюнча демилгелерге өзгөчө басым жасоону сунуштады.
ЕЭК министри 2023-жылдын 8-июнунда Өкмөттөр аралык кеңеште 2022-жылдагы «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактарында “Чыгыш-Батыш” жана “Түндүк-Түштүк” багыттары боюнча транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө», анын ичинде Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы отчёттун жактырылганы боюнча маалымат берди. Натыйжада Евразиялык транспорт коридорлорунун тизмеси бекитилди. Аларды өнүктүрүүнүн Комплекстүү планын даярдоо жана координациялоо иштери жүрүп жатат.
Министр аймактык темир жол транзитинин өнүгүүсү боюнча айтып жатып, келечекте Борбордук Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызыкчылыгында жаңы темир жол коридорун түзө турган “ Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору тууралуу баяндады.
Белгилей кетсек, быйыл май айында Сиань шаарында өткөн “Кытай-Борбор Азия “саммитинде бул долбоорду ишке ашыра турган меморандумга кол коюлган болчу.
ЕЭК министри Евразия Экономикалык Биримдигинин жана Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө темир жол аркылуу жүк ташуу кызматын санариптештирүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында Кытай менен өз ара кызматташуунун жемиштүү болгонун баса белгиледи.

