"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Караколдогу дарактардын зыянкеч курттардан жабыркашы боюнча кооптонууга негиз жок"
Бүгүн, 3-июлда порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жергиликтүү тургун Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы Кашка-Суу тоосунда дарактардын жалбырактарын курт жеп жатканын айткан болчу.
Айыл чарба министрлигине караштуу "Каракол токой чарбасы" мекемесинен буга чейин башка аймактарда да дарактардын жалбырактарын курт жеп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөнүн билдирди. Ага ылайык, кооптонууга негиз жок дешет мекемеден.
"Кашка-Суу тоосундагы "Каприз" мейманканасынын айланасындагы курт жеп жаткан бак-дарактар Каракол токой чарбасына эмес, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркына тиешелүү. Буга чейин Ак-Суу токойчулугуна караган Жыргалаң суусунун жээгинде 0,5 гектар жер аянтта ошол сыяктуу курттар пайда болгону аныкталган. Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук карантиндик кызматы тарабынан жалбырактагы курттар анализге алынып, экспертизанын жыйынтыгы алынган. Жыйынтыгында кооптуу объектердин жок экендиги белгилүү болгон.
Зыяндуу курт-кумурскаларга каршы Каракол токой чарбасынын кызматкерлери тарабынан “Тайфун” аттуу дары менен дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Азыркы тапта ал аянтта коркунуч келтире турган объектилер жок", - деп билдиришти мекемеден.

