super.kg logo

Жапаров Орок жана Селекция айылдарынын тургундары менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Орто-Алыш” жана “Башкара-Суу” суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда суунун аз агып киришинен улам жогорудагы суу топтоочу жайлардагы скважиналар толтурулбай, андан улам борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керектигин белгиледи. Ошондой эле ал ичүүчү сууну сугат суу катары пайдалангандыгы үчүн айып пулду карап чыгууну тапшырды.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын бир жашоочусу үчүн сууну пайдалануу өлчөмү суткасына 170 литр суу деп эсептелсе, бирок ал суткасына 1000 литрден ашуун суу керектелип жатканын белгиледи.

Акылбек Жапаров суу эсептегичтерин орнотууну тапшырып, ал эми тарифтерди электр энергиясындагыдай дифференциялоо керектигин айтты. Ал ошондой эле бардык ээси жок скважиналарды реконструкциялоо үчүн мамлекеттин балансына өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөт башчы бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди аныктоо үчүн инженердик эсептөөлөрдү берүүнү, ошондой эле гидрогеологиялык карталарды санариптештирүү үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Сокулук районундагы Орок жана Селекция айылдарынын тургундары менен жолугушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: