Кайсы РИИБ күчтүү? Бишкекте милиция кызматкерлери арасында күч таймашы өттү
















Бишкек ШИИББи жана райондук башкармалыктардын курама командаларынын арасында күч таймашы боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Бишкек ШИИББинин кадрлар бөлүмүнүн өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн кызматкерлери "Динамо" спорт комплексинде күч таймашы боюнча биринчилик өткөрүштү.
"Курама командалардын мелдешинин жыйынтыгы боюнча аркан тартыш, таяк тартыш жана гиря спорту боюнча биринчи орунду Свердлов РИИБинин командасы, экинчи орунду Бишкек ШИИББинин командасы жана үчүнчү орунду Биринчи Май РИИБинин командасы ээледи.
Шаардык милициянын жетекчилиги алардын сергек жашоого кошкон салымын татыктуу баалап, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады", - деп айтылат маалыматта.

