Бишкекте татар киносунун күндөрү өтөт
Бишкекте 9-10-июль күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө татар киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада эл аралык киофестивалдарга катышкан Татарстандын кинорежиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлөт.
Алар:
- 9-июль саат 16:00дө - Рашид Маликов менен Рамиль Фазлиевдин "Сумбуль" тасмасы;
- 9-июль саат 18:30да - Юлия Захарованын "Тарлан" тасмасы;
- 10-июль саат 16:00дө - Ильшат Рахимовдун "Апипа" тасмасы;
- 10-июль саат 18:30да - Амир Галиаскаров менен Ирек Хафизовдун "823-й километр" тасмасы.
Иш-чаранын соңунда чыгармачыл топ менен жолугушуу болот.
Кирүү акысыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.