super.kg logo

Bloomberg: Дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан адамдар белгилүү болду

 

2023-жылдын июль айына чейинки жыйынтык боюнча дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмеси жарыяланды. Жыйынтыкты Bloomberg басылмасы расмий баракчасында жазып чыкты.

Маалым болгондой, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча америкалык ишкер Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамы болду. Ал алты ай ичинде өзүнүн капиталын 234 миллиард долларга көбөйткөн. Масктын расмий агенттигинин маалыматы боюнча, 3-июлда Tesla акциялары 6,9 пайызга жогорулап, ишкерге дагы 13 миллиард доллар алып келген.

Рейтингде экинчи орунда 200 миллиард доллар кирешеси менен Louis Vuitton компаниясынын ээси Бернар Арно турган болсо, алдыңкы үчтүккө 6 айда 154 миллиард доллар тапкан Amazon интернет компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык ишкер Жефф Безос кирген.

Андан кийинки орунда Meta Platforms компаниясынын ээси Марк Цукерберг турат. Июнь айына карата анын байлыгы 58,9 миллиард долларга өсүп, ишкер жалпы 6 айда 104 миллиард доллар тапкан. Ал эми дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Цукерберг 9-орунду ээлейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: