Керектүү шаймандар жана сыйлыктар берилет. "Тазалык" ишканасы ыктыярчыларды кабыл алууда (видео)
“Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчы болууну каалагандарды чакырууда. Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев аталган мекеменин социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Алиевдин айтуусуна караганда, шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушу эске алынып, атайын жаңы программа, мындайча айтканда, ыктыярчылык программасы ачылган.
Ал эми ыктыярчы болууну каалагандар "Тазалык" ишканасынын инстаграмдагы баракчасына аты-жөнүн жана байланыш номерин жөнөтүп коюшу керек.
"Ар бир район боюнча өзүнчө топторду түзөбүз. Алар "Тазалыктын" техникалык картасына кирбеген жерлерди тазалайт. Биз бардык керектүү болгон шаймандарды, керек болсо кээде сыйлыктарды да бергенге даярбыз. Тазалык сенден башталат", - деп билдирди Рамиз Алиев.
"Тазалык" ишканасы ыктыярчыларды кабыл алууда

