super.kg logo

Чүй облусун таза суу менен камсыздоо маселеси 2-3 жыл аралыгында чечилет

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Орто-Алыш” жана “Башкара-Суу” суу топтоочу жайларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган суу топтоочу жайларга суу ченемден аз агып кирип, скважиналар толтурулбай жатканына байланыштуу борбор калаанын бир катар калктуу конуштарына суу толук берилбей жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы бул көйгөйдү комплекстүү түрдө чечүү керектигин белгиледи.
“Келерки жылы дагы абал ушундай боло турган болсо жыл сайын суунун келишин күтүү убаракерчилик. Суу – адамдын табигый муктаждыгы. Аба ырайынын шарттарына таасирин тийгизбей турган туруктуу каскад форматындагы резервуар болушу керек. Кошумча скважиналарды жана суткалык бассейндерди каржылоого даярбыз, эсептөөлөрдү жана көрүнүштөрдү бериңиздер. Элди суусуз калтыруу мүмкүн эмес”, – деди Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ичүүчү сууну сугат суу катары пайдалангандыгы үчүн айып пулду карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын ар бир жашоочусу үчүн сууну пайдалануу өлчөмү суткасына 170 литр деп эсептелсе, бул ченем суткасына 1000 литрден ашып кетип жатканын белгиледи.
Акылбек Жапаров суу эсептегичтерин орнотууну тапшырып, ал эми тарифтерди электр энергиясындагыдай дифференциялоо керектигин белгиледи. Муну менен катар бардык ээси жок скважиналарды реконструкциялоо үчүн мамлекеттин балансына өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.
Мындан тышкары ал бир жумалык мөөнөттө суу сактагыч курула турган жерди аныктоо үчүн инженердик эсептөөлөрдү берүүнү жана гидрогеологиялык карталарды санариптештирүү үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
“Бир жуманын ичинде мага бардык скважиналардын облустар менен райондордун контекстиндеги картасын бергиле, аларды санариптештирүү жана Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборуна туташтыруу керек”.
Иш сапар учурунда Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок жана Селекция айылдарынын тургундары менен да жолугушту. Жолугушууда ал 2-3 жыл аралыгында Чүй облусун толук түрдө таза суу менен камсыздоо маселеси чечиле турганын билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: