Кыргызстанда эң мыкты салык төлөөчү 15 компания аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү 15 компанияны аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Кыргызстандагы салык кызматкерлеринин күнүнө карата өлкөдөгү салык кызматтарын так аткарган компаниялар аныкталып, атайын сертификаттар жана төш белгилер менен сыйланды.
Анда акыркы 5 ай ичинде мамлекеттин экономикасына кошкон салымы, өлкө казынасын толтурууга активдүү катышкандыгы жана КРнын салык боюнча мыйзамдарын так аткаргандыгы сыяктуу критерийлер каралып, жыйынтыгында 15 компания мыкты деп табылган. Алар:
Өндүрүш жана курулуш тармагындагы компаниялар:
- "АДЖИ-СЕРВИС" ЖЧК
- "Торгово-финансовый Холдинг Пром Инвест" ЖЧК
- "Аслан Кабель" ЖЧК
- "Карибе Юг" ЖЧК
- "Кул Брос" ЖЧК
- "Жаныбек Айтматов" ЖЧК
Соода-сатык жана кызмат көрсөтүү тармагында:
- "РСК Банкы"
- "Яндекс Такси Корп" ЖЧК
- "Кыргызстан-Швейцария Банкы";
- "Фуд Дрим" компаниясы
- "Бир айыл - бир продукт" коомдук бирикмеси
- Жеке ишкер Ракия Асанбаева
- "Баткен билим берүү борбору" мекемеси
- Ош муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасы
Айыл-чарба тармагында:
- "Агро Куш" фабрикасы
Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов аталган компаниялардын кожоюндарына ыраазычылыгын билдирип, Салык кызматы аларга дайыма урматтоо менен мамиле кыларын белгиледи.

