Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында күндөн энергия алуучу электр станциясы курулат



Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Ысык-Көл облусундагы күндөн энергия алуучу электр станциясы курула турган аймакка барып, башталып жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Күн булагы" аталышындагы күндөн энергия алуучу электр-станциясы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айыл аймагына курулат. Жалпы кубаттуулугу 50 МВтка жеткен долбоорго 35 миллион долларлык инвестиция тартылууда. Долбоорду Кыргызстандагы "Күн булагы" компаниясы менен казакстандык "TGS-Energy Limited" компаниясы биргелешип ишке ашырат.
Долбоор Кыргызстанда кайра калыбына келүүчү энергия булактары тармагындагы эң алгачкы кадамдардын бири болот. Ошондой эле өлкөдө электр энергиясын өндүрүү жана ички керектөөнү толугу менен камсыздоодо чоң салым кошот деп күтүлүүдө.
Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айылынан 80 гектар аянттагы жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган. Жакынкы күндөрү аталган аймактагы чарбалык жоготуулардын ордун толтуруп, айыл өкмөтү менен келишим түзгөн соң курулуш иштери толугу менен башталары айтылды.

