super.kg logo

15-июлдан баштап Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча жаңы каттам ачылат

 

15-июлдан баштап Орусиянын "URAL AIRLINES" авиакомпаниясы Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча жаңы авиакаттамды ишке киргизет. Бул тууралуу аталган компания расмий билдирүү жарыялады.

"15-июлдан баштап Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча жаңы каттамды ишке киргизебиз. Жекшемби күнү Казань шаарынан, ал эми ишемби күндөрү Бишкектен учуп келебиз", - деп жазды авиакомпания телеграм каналына.

16-июль күнү боло турган алгачкы каттам Казань шаарынан 6:05те чыгып, Бишкекке жергиликтүү убакыт менен 12:15те конору көрсөтүлгөн. Ал эми жолдун узактыгы 3 саат 10 мүнөткө созулары белгиленген.

Белгилей кетсек, "URAL AIRLINES" авиакомпаниясы Бишкекке Орусиянын Екатеринбург, Грозный, Самара, Красноярск, Санкт-Петербург шаарларынан каттамдарды жүргүзүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: