super.kg logo

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу "Вагнер" козголоңу боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди

 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу биринчи жолу ЧВК "Вагнердин" козголоңу боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, министр Шойгу кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, 23-25-июнда болуп өткөн өлкөдөгү абалды жөнгө салуу аракеттерине токтолгон. Анда ал "Вагнер" козголоңчуларынын планы ишке ашпай калганын, куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы бул багытта берген антына бекем туруп, аскердик милдетин так аткарганын белгилеген.

"Козголоң аскер топторунун иш-аракеттерине эч кандай таасирин тийгизе алган жок. Жоокерлерибиз алдына коюлган милдеттерди тайманбастан, эр жүрөктүүлүк менен аткарышты. Өздүк курамга ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирем", - деген ал.

Эске салсак, 24-июнда "Вагнер" жеке менчик компаниясынын лидери Евгений Пригожин орус күчтөрүн абадан сокку урду деп айыптап, Ростов-на-Донудан Москвага жүрүш жасаган. Анын эң негизги талаптарынын катарында Коргоо министри Сергей Шойгунун отставкасы да бар эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: