super.kg logo

Японияда жаңы тиш өстүрүүчү дары ойлоп табылды

 

Яониялык окумуштуулар түшүп калган тиштердин ордуна жаңы тиш чыгаруучу дары ойлоп табышты. Бул тууралуу The Mainichi басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Осакадагы Китано медициналык институтунун окумуштууларынын тобу изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө адамда үчүнчү тиштердин өсүшү (сүт жана туруктуу тиштерден кийин) мүмкүн экенин аныкташкан. Окумуштуулардын пикири боюнча, кайрадан тиш чыгуу үчүн организмге USAG-1 белогу тоскоол болуп келген.

Профессор Катсу Такахаши көп убакыт изденип, кесиптештери менен бирге бул белоктун функциясын бөгөттөй турган нейтралдаштыруучу антитело ойлоп тапкан.

"Жаңы тиш өстүрүү ар бир тиш дарыгеринин кыялы. Мен аспирантурада окуп жүргөндө эле ушул иштин үстүнөн иштей баштагам. Мен бул кыялды ишке ашыра турганымды билем",- деп билдирди Такахаши.

Белгилей кетсек, буга чейин чычкандарда аталган дарынын клиникалык сыноолору ийгиликтүү аяктаган, анда чычканда чын эле жаңы тиш өсүп чыккан.

Окумуштуулар 2024-жылы аталган дарыны адамдарда сынап көрүүнү пландап жатканы айтылды. Эгер адамдарда да сыноо ийгиликтүү аяктаса, анда аталган дары 2030-жылга чейин дүйнө жүзүнө таратылышы мүмкүн экени кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.07.2023. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тездет Такахаши тездет. А то ремонтко аябай коп акча кетип калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: