super.kg logo

Аткезчилик жол менен өлкөгө алынып келе жаткан 3 тоннадай жүзүм жана алчага бөгөт коюлду

 

Баткендин Кадамжай районунда жалпы салмагы дээрлик 3 тоннага жакын жүзүм менен алчаны мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз жараны Ж.К.нын башкаруусундагы Volkswagen LT 46 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

"Текшерүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн ар бири 7,5 килограмм салмактагы 15 коробкада жүзүм, 357 кутуда 7,9 килограмм алча табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок болгон", - деп жазылат маалыматта.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2938,8 килограммды түзсө, ал эми орточо базар баасы 438 миң 795 сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча чогулган материалдар бажы кызматынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бажылык иликтөө секторунда каралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: