super.kg logo

"Манжалары сынган". Чеченстанда журналист куралчандар тарабынан сабалды

 

Чеченстанда куралчан адамдар тарабынан юрист Александр Немовго жана журналист Елена Милашинага кол салуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда "Мемориал" укук коргоо борбору билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Немов менен Милашинанын унаасын аэропорттон Грозныйга бараткан жолдо куралчан адамдар тосушкан. Алар журналист менен адвокатты ур-токмокко алып, андан соң документтерин алышкан жана техникалык жабдууларын жок кылышкан.

Учурда Немов менен Милашина ооруканада экени айтылууда. Немовдун бутунан жаракат алганы жана араң гана сүйлөп жатканы кабарланды. Ал эми Милашинанын манжалары сынганы, куралчан адамдар тарабынан чачынын кырылганы жана денесинде бир нече жаракаттар бар экени айтылды. Учурда журналист өзүнө келе албай, эс учун жоготуп жаткандыктан аны тез жардам кызматы аркылуу Түндүк Осетияга алып бара жатканы маалымдалды.

Александр Немов менен Елена Милашина Грозныйга бүгүн Чеченстандын Жогорку сотунун мурдагы судьясы Зарема Мусаеванын соттук отурумуна катышуу үчүн келишкен.

Белгилей кетсек, Чеченстанда Милашинага кол салуу биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин 2020-жылдын февраль айында да Милашина менен адвокат Дубровина сабалган болчу.

Елена Милашина көп жылдар бою "Новая газета" басылмасында аналитика жанрындагы макалаларды жазып иштеген. Анын макаларынын көпчүлүгү Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу болгон.

Ал эми окуя боюнча Орусиянын президенти Владимир Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү басылмаларга берген маегинде, окуя боюнча президенттин кабары бар экенин билдирген:

"Окуяга бааны укук коргоо органдары бериши керек, бирок сөз катуу чараларды көрүш керек болгон өтө олуттуу чабуул жөнүндө болуп жатат".

Көп өтпөй окуя боюнча Чеченстандын омбудсмени да жооп берген. РИА Новости басылмасынын маалыматына караганда, омбудсмен Милашина менен Немовго кол салууну диверсия жана республикага карата провокация деп баалаган. Ал эми Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров окуя боюнча маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.07.2023. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой эле го. Президенти жумуштан алам десе эле табылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: